Тоңдо кар көчкү түшүп, мал айдап бараткан 2 чабанды басып калды

2082

Ысык-Көл областынын Тоң районундагы ашууда мал жандыктарын айдап бараткан 2 чабанга кар көчкү түшүп, басып калган. Бактыга жараша экөө тең тирүү калышкан.

43 жана 46 жаштагы малчылар көчкүнүн астынан өз алдынча чыгышып, жардам сурап, кайрылышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге 6 куткаруучу, тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканага жеткирген. Учурда кырсыктан жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык. Алар бутунан жана жамбашынан жаракат алышканы маалым болду.

Ал эми чабандар айдап келе жаткан мал жандыктары түгөл. Аны туугандары айылга айдап кетишкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.