Тоңдо уран кенин казуу иштери токтотулабы? (видео)

984

Кызыл-Омпол уран кенинде жүрүп жаткан иштер токтотулбаса жергиликтүү тургундар кийинки аптада жөө жүрүшкө чыгууга мажбур болушат. Бул тууралуу Ысык-Көл областынын Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы жашоочулар билдиришти. Айтымдарында, казуу иштери жүрүп жаткан тилкедеги уран адамдардын саламаттыгына, экологияга жана туризм сезонуна терс таасирин тийгизет.

Ал эми өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирүү таратып, анда ал тескерисинче казуу иштери радиациянын кубаттуулугун азайтат деп билдирүүдө. Айтымында, бул радиоактивдүү элемент жер кыртышынын бетине жакын жайгашкан. Аны коопсуз идиштерге салып, тезирээк чыгарып кетүү туура болот, дейт аткаминер.