Тонналаган кар көчкү күрөк менен тазаланып жатабы? (видео)

900

Бишкек-Ош жолундагы кырдаал тууралуу маселе парламентте дагы көтөрүлдү. Депутаттардын айтымында, стратегиялык жолдун бир тилкесине техникалык база түзүү керек. Антпесе чоң көчкү түшкөн маалда жолду бат тазалоого мүмкүн болбой жатат. Атайын техниканын тартыштыгынан учурда кызматкерлер карды күрөк менен ташууга аргасыз, дейт эл өкүлдөрү. Мындан тышкары, гранттык каражаттарга алынган айыл-чарба техникасын инвентаризациядан өткөрүү сунушталды. Анткени алынган техниканын теңинен көбү жыл айланбай керектен чыгып калган. Мындан улам, сапатсыз тракторлор сатылып алынган деген күмөн саноолор жаралууда.