Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

868

Бул тууралуу транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. Жеңил унаалар үчүн жол ачык. Учурда Төө-Ашууда катуу кар жаап, жол тайгалак болууда.

Маалыматка караганда Бишкек-Ош трассасында кардын калыңдыгы 7-8 сантиметрге жеткен. Азыркы тапта кооптуу жерлерге жумушчулар кум, туз себишип, жолду тазалашууда.

Төө-Ашуудан тышкары, азыркы тапта Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 12-13, ал эми Ала-Белде 6-7 сантиметр болуп жатканы маалымдалды. Мындан улам айдоочуларды жолдо жүрүүдө унаалар ортосундагы аралыкты сактоого жана зарыл болбосо узак жолго чыкпоого чакырат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.