Төө-Ашуудагы көйгөйдү эми прокуратура текшереби? (видео)

912

Стратегиялык трассаларды кардан тазалаган жол эксплуатациялык ишканалардын баарын прокуратура текшерип чыгышы керек. Бул тууралуу парламенттик жыйында депутаттар айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү билдиргендей, Транспорт жана жолдор министрлигинин кышка даярдыгы күмөн жаратууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча, тоолуу аймактардагы жолдор кардан толук тазаланбай жатат. Ал эми отчеттордо иштебей турган техникага күйүүчү май алынганы жазылып калган. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазга даярдыгы боюнча маалыматын угуу талабы коюлду. Депутаттардын пикиринде, жаратылыш кырсыктарынын алдын-алуу үчүн азыртадан даярдык көрүү зарыл.