Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылууда

1025

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда жайгашкан Кусейин Көльбев атындагы туннелинде ремонт иштери жүрүп жатканына байланыштуу ал маал-маалы менен жабылууда.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда, туннель 30-сентябрга чейин, күнүнө эки маалдан жабылып турат. Бул учурда анын ичиндеги желдетүү системасы текшерилип, зарыл болгон жерлери оңдолот, дешет адистер. Туннель эртең мененки саат 08:00дөн 09:30га чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн 15:30га чейин жабылып, калган убакта ачык болот.

Адистер туннелге жакын унаалардын тыгыны пайда болбош үчүн айдоочулар жолго чыгуу убактысын алдын-ала тактап алуусун өтүнүшүүдө. Төө-Ашуудагы туннельде профилактикалык иштер жыл сайын өткөрүлүп турат.