Төө-Ашуудагы жол кырсыгы тыгын жаратты (видео)

645

Кечээ жааган калын кар Бишкектин коммуналдык кызматтарынын начар даярдыгын көрсөтүп койду. Жол коопсуздугу үчүн орнотулган жасалма дөңчөлөрдүн үстүнө муз тоңуп, алар унаалар үчүн чоң тоскоолдукка айланды. Анын айынан, жолдордо тыгындар пайда болгон. Ал эми дөңгөлөк желимдөөчү жайларда айдоочулардын узун кезеги турат. Алар кечээтен бери унааларынын дөңгөлөгүн алмаштыра албай, убара чегип жатышат.

Мындай кырдаалда алыс жолго чыккан айдоочулар кырсыкка кабылган учурлар катталууда. Транспорт жана жолдор министрлиги муну автоунаалар арасында тиешелүү аралык сакталбай жатканы менен түшүндүрүп жатышат. Андыктан айдоочуларга жол эрежесин сактап, кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуу керектиги эскертилүүдө.