Тоо бетин каптаган өрттү өчүрүүүгө 76 адам тартылды (видео)

2627

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 27 өрт кырсыгы катталды. Көбү Чүй областы менен Бишкек шаарында болду. Эң ириси Аламүдүн районундагы Байгелди айылына жакын жердеги тоо боорунан чыккан. Анда куураган чөп тутанып, ал чоң жалынга айланган.

Акыркы маалыматтар боюнча, 300 гектардан ашык жер күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 100дон ашык адам тартылып, от чектөөгө алынган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.