Төө буурчактын арзандап кетүүсүнө кимдер кызыкдар? (видео)

833

Төө буурчак өндүрүүчүлөр кайсы бир тараптардын кызыкчылыктарынан улам, түшүмдүн баасы кескин төмөндөп кеткенин айтып чыгышты. Эки-үч ай мурда эле 60-70 сомдон сатылып жаткан төө буурчактын сорту азыркы күндөрү 40 сомго түшүп калды. Андыктан алар бул маселени фискалдык органдар, Бажы кызматы тыкыр көзөмөлгө алуусун өтүнүшүүдө. Ал эми аткаминерлер болсо, төө буурчактын баасы дүйнөлүк рыноктогу суроо-талаптан көз каранды экенин жана фасоль өндүргөн баардык өлкөлөрдө арзандап жатканын айтышууда. Атаандаштык курчуп, өткөн жылы чет өлкөлөргө жетиштүү түрдө экспорттолбой калган дешет. Бирок дыйкандар өлкөдө бул тармакта монополисттер пайда болгонун айтып, алар бааны атайын түшүрүп жатышканын айтышууда.