“Төө десе бээни көрсөткөн” аткаминерлер (видео)

933

Бишкекте абанын булганганы боюнча чуу көп, бирок аткарылган иш жок. Жогорку Кеңеште социал-демократтар фракциясынын отурумунда экологиялык коопсуздук боюнча маселе каралып, тармактык аткаминерлер катуу сынга кабылышты. Парламентарийлердин айтымында, бул жаатта иштер жасалбаганы аз келгенсип, мекемелер жоопкерчиликти бири-бирине түртүү менен алек. Отурумдун жүрүшүндө депутаттардын ачуусун келтирген көп суроолор пайда болду. Алсак, аркарды атууга уруксат кагазынын аябай эле арзан сатылышы, калааларда бактардын аёосуз кыйылышы боюнча маселелер көтөрүлдү.