Тоо-кен тармагындагы жемкорлук кантип жоюлат? (видео)

1554

1-июлга чейин тоо-кен кодекси иштелип чыгат. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти. Анда дал ушул тармакка байланыштуу бардык жол-жоболор киргизилет. Документ тийиштүү мекемелер тарабынан иштелип чыккан соң, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

Белгилүү болгондой 3 күн мурда президент Садыр Жапаров кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир топ тапшырмаларды берген. Бул жаатта азыр кандай иштер жүрүп жатат?