Тоо койнундагы жогорку окуу жай (видео)

2588

Нарын шаарында жайгашкан Борбор Азия университетинде курулуш иштери кызуу уланууда. Алдыда дагы эки этаптык иш аткарылган соң, окуу жайда 3 миң 600 студент билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Университетте учурда 138 студент окуп жатат. Алардын 52 — Кыргызстандын жарандары. Калгандары Пакистан, Афганстан, Тажикстан, Казакстан, АКШ, Россия, жана Кениядан келгендер. Студенттердин билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн.