Төрагадан көрүндүк. Жумабеков жарыштан четтетилеби? (видео)

1008

Добуш сатып алуу аракетиби же мыйзамды тоготпогондукпу? Төрага Дастан Жумабековдун ымыркайга «көрүндүк» бергенин Боршайкомдун атайын жумушчу тобу карап чыга турган болду. Анын жыйынтыгы менен кайсы бир саясий партиядан кийинки чакырылышка талапкер болуп бараткан Дастан Жумабеков жарыштан четтетилиши да мүмкүн экен.

Ал арада төрага акчаны спикердин фондунан бергени белгиленүүдө. Бирок шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болуп эсептелет. Ал эми өз чөнтөгүнөн берсе шайлоочуну сатып алуу аракети катары бааланат.