Төраганын төрт орун басары (видео)

2732

Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн алгачкы жумушчу кеңешмеси болуп өттү. Жыйында президент Садыр Жапаровдун кечээ күнү калкка кайрылуусун ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды. Анда мамлекет башчысы министрлер кабинетинин алдына бир катар антикризистик милдеттерди коюп, аткарууну тапшырган.

Белгилей кетсек, кечээтен тарта өкмөттүн жаңы түзүмү иштей баштады. Анын курамы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Буга чейин иштеп жаткан жетекчилердин дээрлик көпчүлүгү өз орундарын сактап калышты. Аткаруу бийлиги кандай болуп өзгөрдү?