Төрөлөрү менен жетим калган наристе (видео)

1172

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмү көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришүүдө. Жыл башынан бери 1 жашка чыга элек 1627 наристе чарчап калган. Бул былтыркыга салыштырмалуу көп. Мунун негизги себептери — тубаса оорулуу болуп төрөлүү жана убакыт-саатынан эрте төрөлүү экени айтылууда.

Энелердин өз саламаттыгына кам көрбөгөнү да абалды оорлотууда, дешет ак халатчандар. Буга кошумча, төрөт үйлөрүндө медицина кызматкерлеринин шалаакалыгынан улам чарчап калган ымыркайлар боюнча бир нече кылмыш иши козголгону дагы маалым.