Төрөт үйүндө ымыркайды башка балага алмаштырып коюштубу? (видео)

2817

Бишкектеги № 4 төрөт үйүндө кайрадан жаңжал. Айтилла Кусегенова аттуу жаран 15-августта кыз жана эрекек эгиздерди төрөгөн. Бирок беш күндөн кийин ымыркайлардын эркеги чарчап калган. Уулу төрөлгөндө анын канынын тобу 4-чү болсо, чарчап калгандан кийин 1-чи топ болуп өзгөрүлүп калган.
Мындан улам жаш эне төрөт үйүнүн кызматкерлери ымыркайды башка балага алмаштырып коюшту, деп шектенүүдө. Ал эми медиктер болсо, Айтилла Кусегенованын дооматтарын четке кагып жатышат. Алардын айтымында, эгиздер ара төрөлүп, абалы начар болгон. Балага кан плазмасы куюлганда, кандын тобу өзгөрүп калышы мүмкүн, дешет дарыгерлер.