Төрөт үйүнө таандык имарат кимдин колуна өтүп кеткен? (видео)

881

Ош шаардык төрөт үйүндө орун жетишпей, жаңы көз жаргандар коридорлорго жаткырылууда. Ошол эле убакта бул мекемеге таандык 3 кабаттуу имарат жеке тарапка ижарага берилип кеткен. Ал обьектти кайтаруу үчүн төрөткананын жетекчилиги бардык тиешелүү мекемелерге кайрылышкан. Шаар жетекчилиги болсо маселени көрүп турса да, эч кандай чара көрбөй келет. Ал арада бул имаратта жайгашкан жеке менчик клиника Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жубайына таандык деген маалыматтар айтыла баштады. Мындан улам, шаардык төрөтканада орун жетишпей жатса да, имарат кайтарылбай жатканы белгиленүүдө. Бул айтылгандардын канчалык чындыгы бар?