Төрөтканалардын кызматы бекерби? (видео)

908

Төрөт үйлөрүнүн кызматы бекер, бирок жетиштүү каржылоо болбогондуктан, көз жарган энелерден анча-мынча акча алынып жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Анда «жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизип, документти эл аралык келишимдерге шайкеш келтирүү маселеси каралды.
Төрөттү кабыл алуу бекер деген жетекчинин сөзүнө депутаттар ишенишкен жок. Бүгүнкү күндө көз жарган энелер төрөтканаларда кеминде 15 миң сом калтырат, дешет парламентарийлер. Ошондой эле, эл өкүлдөрүн кече жакында ымыркайларды сатууга шектелип кармалган медиктердин иши дагы кызыктырды.