Төрт баласынан айрылган ата элдин жардамына муктаж (видео)

6629

Бишкектин четиндеги акыр-чикир тогулгон жайдын жанында жашаган Өзгөн районунун 53 жаштагы тургуну Бактыбек Орозбаев коомчулуктан жардам сурайт. Ал бир жыл мурда оорусуна байланыштуу ордо калаага дарылануу үчүн келип, бирок андан бери чама-чаркы жетпегендиктен, дарыгерлерге көрүнө албай жүрөт.

Эки буту, жамбаш сөөгү ооругандыктан ишке таптакыр жарамсыз. Ошол эле убакта, 3 балалуу эне борбордун четиндеги санитардык полигондон желим бөтөлкөлөрдү иргеп сатып, үч баласын багууга мажбур.