Төрт-Гүл суу сактагычы тажиктерге өтүп кеткенби? (видео)

3148

Баткен областтык администрациясынын алдында митинг өтүп, анда жергиликтүүлөр өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча билдирүүсүнө нааразычылыктарын билдиришти. Аларды аймак жетекчиси Жаныбек Жалалов кабыл алып, аталган суу сактагыч өлкө үчүн өтө маанилүү стратегиялык обьект экенин жана ал кайсы бир тарапка өтүп кетүүсү мүмкүн эмес экенин айтты.

Ошондой эле, өкмөттүн делимитация жана демаркация боюнча бөлүмүнүн аймактык өкүлү да нааразы тараптын алдына чыгып, бардык материалдар боюнча суу сактагыч толугу менен Кыргызстандыкы экенин бышыктады. Жергиликтүүлөр бул маселени өкмөт жетекчиси өзү келип түшүндүрүп, тиешелүү карта-документтерди көрсөтүүсүн талап кылышты. Премьер-министр сөзүнөн жаңылып калдыбы же бул иште эл билбеген жагдайлар барбы?