Төрт кишинин өлүмүнө себепкер болгон кыз он жылга шарттуу соттолду

687

Ысык-Көл областында төрт кишинин өлүмүнө себепкер болгон кыз он жылга шарттуу соттолду. Райондук сот 23 жаштагы айдоочу Жибек Нуркулованы күнөөлүү деп таап, 10 жылга жатак абакка кести. Ага мындан тышкары, унаа башкарууга үч жылга тыюу салынды. Ал эми унаанын кожоюну Тахир Талабаев сот чечими менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Буга жабырлануучу тарап менен өз ара келишүү себеп болгон.

Быйыл октябрда Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде, жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып «Тез жардам» машинасын сүзгөн. Анын ичинде бараткан кош бойлуу келин, анын бир тууганы, фельдшер жана айдоочу ошол жерде каза болушкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, машинаны башкарып бараткан кыз мас абалда болгону аныкталган.