Трамп: АКШ өзөктүк дараметин кеңейтет

876

АКШ президенти Трамп орто жана чукук аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча 1987-жылы кабыл алынган америка-совет келишиминен баш тартууга ниеттенүүдө. Трамп  буга Орусия келишимде макулдашылган шарттарды бузганы себеп болууда деп билдирди.

Президент АКШ өзөктүк арсеналын көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи. “Орусия, Кытай сыяктуу өлкөлөр биздин жана өнөктөштөрүбүздүн коопсуздугуна коркунуч жаратуу — жазасыз калбасын сезгенге чейин Америка өзүнүн өзөктүк арсеналын кеңейтет. Орусия келишимди аткарган жок”, –деди Дональд Трамп.

Кытай АКШ менен мындай келишимге кол койгон эмес, андыктан бул сыяктуу ракеталарды жаратууда чектөөсү жок.

Президенттин бул билдирүүсү анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Орусия президенти Владимир Путин менен жолугар маалга туш келди. Жон Болтон Владимир Путинге Вашингтон келишимден чыгарын айтары күтүлүүдө.

Мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин президенти Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана кургакта жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салат.