Трамп менен Путин Хельсинкиде жолугушуусу мүмкүн

812

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу Хельсинкиде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Reuters Кошмо Штаттардын администрациясына шилтеме берүү менен билдирди.

Буга чейин эки лидердин кездешүүсү 15-июлда Венада болору кабарланган. Бирок жолугушуу өтө турган жер жана убакыт расмий түрдө айтыла элек.

27-июнда Москвага АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон келет. Ал президенттердин жолугушуусун талкуулашы керек.

Politico басылмасы Хельсинки Орусиядан алыс эмес жайгашканын белгилеп, Путин футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнуна кайтып келүүгө жетишерин жазды. Мелдеш 15-июлда жыйынтыкталат.

Дональд Трамп менен Владимир Путин эл аралык саммиттердин учурунда эки сапар жолугушуп, телефондо кеминде сегиз жолу сүйлөшүшкөн. Бирок 2014-жылы Крым аннексиялангандан бери Орусия менен АКШ президенттери өзүнчө кездеше элек.