Трамп мигранттарды балдарынан ажыратпай турган документке кол коюуну убадалады

723

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арада кармалган мигранттарды балдарынан ажыратпоого мүмкүндүк берген документке кол коюуну пландап жатат.

Ал документ үй-бүлөнүн улуу мүчөлөрү чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалса дагы, алардын балдары менен чогу болуусуна мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Трамп АКШ «мигранттардын лагери» болбой турганын билдирип, демократтарды иммирациялык мыйзам иштеп чыгууда администрация менен кызматташууну каалабайт деп айыптаган.

Акыркы апталарда АКШда мыйзамсыз мигранттардан турган үй-бүлө мүчөлөрүн бири-биринен ажыратууга байланышкан талаш-тартыштар тынчыбай келет. Буга чейин өлкөдө мындай тажрыйба сейрек колдонулуп келсе, азыр федералдык агенттер башкалка алууну каалаган же өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган иммигранттарды бири-биринен көп эле ажыратып келишет.

Өткөн жумада АКШнын өкмөтү акыркы бир жарым айда бийлик тарабынан мигрант ата-энелерден эки миңге жакын бала ажыратылганы жөнүндөгү маалыматтарды жарыялаган.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн балдарды кысымга алуу аркылуу миграцияны азайтуу аракетин «чектен чыгуу» деп атаган.

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Кошмо Штаттар «мыйзамдарды аткарган, бирок боорукерлик принциптери менен башкарылган өлкө болушу зарыл экенин белгилеген.

Мурдагы биринчи айым Лора Буш The Washington Post гезитине үй-бүлө мүчөлөрүн ажыратуу саясаты «катаал жана ахлаксыздык» экенин жазган.