Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрүн төлөмдөрдү кечиктирүүгө айыптады

649

АКШ президенти Дональд Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрүн коргонуу үчүн өтө аз гана төлөбөстөн, Түндүк Атлантикалык биримдиктин мүчөлүк акысын берүүнү дагы кечеңдетүүдө деп айыптады. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы 10-июлда Твиттерге жазды.

Анын айтымында, АКШдан “коргоо” күткөн “НАТОнун көптөгөн өлкөлөрү” эки пайыздык эрежени аткармак тургай, төлөмдөрдү берүүнү дагы кечеңдетишүүдө. Ал өнөктөштөрүн биримдик бюджетинин кем жерин толтурууга чакырды.

Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде өткөнү турат. Буга чейин Трамп Орусия президенти Владимир Путин европалык саясатчыларга караганда “жөнөкөй маектеш” болушу мүмкүн экенин айткан. Эки өлкө лидерлери 16-июлда Хельсинкиде жолугушат.

Дональд Трамп НАТОнун европалык мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарына жетиштүү каражат бөлө албаганы үчүн сындап, мындан улам аскердик альянстын жүгүнүн көбүн АКШнын көтөрүүгө мажбур болуп жатканын бийликке келгенден бери такай белгилеп келет.

НАТОнун алкагында буга чейин аскердик чыгымдардын көлөмүн 2024-жылга чейин ички дүң өнүмдүн эки пайызына жеткирүү маселеси макулдашылган.