Трамп: Орусия БУУнун санкцияларын бузуп, Түндүк Кореяга жардам берүүдө

641

Шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны эл аралык санкцияларды бузуу менен Түндүк Кореяга керектүү нерселерди жеткирип берип жатат деп айыптады. Анын айтымында, Пхеньян АКШга чейин жете турган алыскы аралыктагы ракета түзүүгө жакындагандан жакындап баратат.

«Түндүк Корея маселесинде Орусия бизге таптакыр жардам берген жок», — деди Трамп Reuters агенттигине берген маегинде. «Кытай бизге жардам берип жаткан маалда Орусия тоскоол кылууда. Башка сөз менен айтканда, Кытай кылган нерселерди Орусия жокко чыгарып жатат» – деди Трамп.

Кытай менен Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга карата киргизген акыркы санкцияларын колдошкон.

АКШ президенти өз маегинде Түндүк Кореяны быйыл Трамптын алдында турган глобалдык маселе деп атап, ал өлкөнүн лидери менен сүйлөшүүдөн пайда чыгарынан күмөн санап жатканын билдирди. Өткөн жылы Трамп Ким менен түз сүйлөшүүлөргө баруу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

«Мен аны менен сүйлөшөм, бирок бул маселени чечерине ишенбейм», — деген Трамп АКШнын буга чейинки президенттеринин түндүк кореялыктар менен сүйлөшүүлөрү өлкөдөгү өзөктүк жана ракеталык программаларды чектей албаганын айтты.