Трамп: Орусияга каршы санкциялар сакталат

627

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Италия премьер-министри Жузеппе Контени кабыл алды. Кошмо Штаттардын президенти Жузеппе Конте жөнүндө сүйлөп жатып: «Бул адам фантастикалык иштерди жасоодо», – деп билдирди.

Акүй буга чейин сүйлөшүүлөр жаңжалдарды жөнгө салуу жана экономикалык өнүгүүнү арттыруу үчүн кызматташууларды тереңдетүүгө багытталганын билдирген.

Трамп маектешүү учурунда Италиянын иммиграция маселесине жасаган мамилесин жогору баалады. Президент мигранттардын агымынан чек араларды коргоодо Италия өкмөтү катуу позицияда турганын жана бул колдоого аларлык экенин билдирди.

АКШ президенти тышкы саясат боюнча жакында кабыл алынган чаралар тууралуу кеп кылып жатып, Орусияга карата киргизилген санкциялар ошол бойдон каларын белгиледи. Ал мындан тышкары Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен болгон сүйлөшүүлөрүн маанилүү деп атап, Иран президенти менен жолугууга даяр экенин билдирди.

Жузеппе Конте быйыл 4-мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийин премьер-министр болгон. Конте — кесипкөй адвокат, мурда саясатта жана парламентте болгон эмес. Премьер-министрликке аны эки: «Беш жылдыз кыймылы» жана «Лига» партиялары сунуш кылышкан.