Трамп Путин менен июлда жолугушу мүмкүн экенин айтты

767

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу июлда өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Басылма эки өлкөнүн президенттери НАТОнун 11-12-июль күндөрү Брюсселде өтө турган саммитине чейин же Трамптын Улуу Британияга пландалган 13-июлдагы сапарынан кийин жолугушу ыктымал деп болжолдоодо.

Бейшембиде Акүй АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин Москвага бара турганын расмий ырастады. Жон Болтон анда Трамп менен Путиндин ыктымал жолугушуусун талкуулайт. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Гаррет Маркис кийинки жумада Болтон коопсуздук маселелерин такуулоо үчүн алгач Лондон менен Римге барып, андан соң Москвага уча турганын белгиледи.

Буга чейин ЖМКлар Орусия менен АКШ лидерлеринин жолугушуусу НАТОнун Брюсселдеги саммитинен кийин болушу мүмкүн экенин жазышкан. Улуу Британия Путин менен Трамптын Түндүк атлантика союзунун саммитине чейин ыктымал жолугушуусуна тынчсыздануусун билдирип, бул НАТОнун биримдигине коркунуч келтириши мүмкүндүгүн белгилеген. Башка булактар президенттердин жолугушуусу Венада өтүшү мүмкүн экенин жазышкан.

19-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамп НАТОнун саммитине чейин жолукпай турганын билдирген.