Трамп сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыптоолорго жооп берди

1025

АКШнын президенти Дональд Трамп бир нече аялга сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү тууралуу айтылган айыптоолорго жооп берди. Буга чейин америкалык төрт сенатор бул айыптоолорго байланыштуу анын отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

«Демократтар убактысын жана миллиондогон долларларды бекерге короткондугуна карабастан, «Орусия менен кутум болгонун» далилдей алышкан жок. Ошондуктан алар мен билбеген жана таптакыр көрбөгөн аялдар тууралуу ойдон чыгарылган окуялар менен жалган айыптоолорго өтүштү», — деп жазды Трамп шейшембиде Твиттер баракчасына.

«Президент Трамп отставкага кетиши керек. Бул бир нече адам тараптан айтылган анык айыптоо болуп жатат», – деп билдирген сенатор Кирстен Жиллибранд дүйшөмбүдө CNN телеканалынын эфиринде.

Ал эгер Трамп тез арада өз эрки менен отставкага кетпесе, Конгресс тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп, президентти жооп берүүгө чакырышы керектигин кошумчалаган. ​Мурдараак көз карандысыз сенатор Берни Сандерс, ошондой эле демократ-сенаторлор Жефф Меркли менен Кори Буркер да ушундай талаптарды айтып чыгышкан.

Өткөн жылы Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптаган үч аял анда айткандарын дүйшөмбү күнү дагы кайталашып, Конгресс президентке карата айтылган дооматтар боюнча иликтөө жүргүзүшү керектигин билдиришкен.