Трансформаторго күйүп калган 6 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда

854

Бишкекте трансформаторго күйүп калган 6 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу шаардык ооруканадан кабарлашты. Окуя — 5-май күнү ордо калаадагы Жумабек көчөсүндө болгон. Секелек кыз ойноп жүрүп трансформатор турган жайга кирип, токко урунуп, денесинин 10 пайызы күйүп калган.

Ал шаардык оорукананын Травматология жана ортопедия улуттук илимий изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Алынган маалыматтар боюнча, бөбөктүн үй-бүлөсү 3 ай мурда Тажикстандан келген. Алар кошуна өлкөнүн жарандары.

Дарыгерлердин айтымында, кыздын оң колу чыканагына чейин катуу жабыркагандыктан, ампутация болушу мүмкүн.