Транспорт министринин орун басары пара алып жатканда кармалды

760

Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жатканда колго түштү. Аткаминерди УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери кармашкан.

Маалыматтарга караганда, министрдин орун басары «Эпкин-Дыйкан» участогун байланыштырган жолду куруу боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниянын пайдасына чечим чыгаруу үчүн пара алып жаткан. Тендердик комиссиянын төрагасы так ушул аткаминер болгон.

УКМК кабарлагандай, чет өлкөлүк компанияны жеңүүчү деп табуу үчүн министрдин орун басары кызматын 520 миң долларга баалап, буга чейин туугандары аркылуу 120 миң долларын алып койгон. Акчанын калган бөлүгүн бир жума ичинде алмак экен. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, транспорт министринин орун басарларынын биринин аты Азимкан Жусубалиев. Ал 2017-жылдын февраль айынан бери иштейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.