Транспорт министринин орун басарын кармоо учуру тартылган видеотасма тарады

1154

Ири суммадагы пара алган деп шектелген министрдин орун басарынын иши боюнча жаңы ысымдар аталып, кармоо учуру тартылган видеотасма тарады. Анда Бехруз Гулрузов аттуу адамдын ысымы да бар.

Айрым маалыматтарга караганда, бул киши казакстандык компаниянын филиалынын жетекчиси. Мындан тышкары Боке деген дагы ат аталууда. Ал ким экени азырынча белгисиз. Ири өлчөмдөгү пара алууда аткаминер Азимкан Жусубалиевден тышкары, 3 киши катышкан. Транспорт министринин орун басары, тендерде бир компанияны жеңүүчү деп табүү үчүн 520 миң доллар пара талап кылып, анын 50 миң алып жатканда колго түшкөн.

Маалыматтарга караганда Жусубалиев буга чейин каражаттын 120 миң долларын алып койгон. Мынча ири сумманы ал түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Эпкин-Дыйкан участогун курууну чет өлкөлүк компанияга берүү үчүн алган деп шектелүүдө.

Транспорт министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, бул жолдун 67 чакырым жерин салуу үчүн эл аралык тендер өткөрүлүп, азыр куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор 41 миллион доллар деп бааланган. Акыркы кармоолордон кийин, бул каражаттын бир бөлүгү пара берүүгө сарпталганы түшүнүктүү болуп калды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.