Транспорт министрлиги менен циркте – жаңы жетекчилер (видео)

708

Парламент транспорт жана жолдор министрлигине сунушталган Жанат Бейшеновдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Эми тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек. Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев ири суммадагы пара менен кармалган соң, былтыр 15-декабрда өз каалоосу менен кызматынан кеткенге аргасыз болгон. Андан бери анын орду бош турган.

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар Транспорт жана жолдор министрлигин жетектөөгө Жанат Бейшеновдун талапкерлигин сунуштаган өкмөттү катуу сынга алышты. Эл өкүлдөрү маанилүү мекемеге жол тармагында тажрыйбасы жок кадрды сунуштоо чоң жаңылыштык дешет.