Транспорт министрлиги: түндүк-түштүк жолу 2023-жылы бүтөрү пландалды

1295

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолдун курулушу белгиленген график менен баратат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолдун курулушунда 2015-жылы тоннел жасоо иштеринде кыйынчылыктар пайда болуп, график кечеңдеген. Эми курулуш иштери ушул нукта жүргүзүлсө бул жолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Буга чейин баасы дээрлик 500 млн. долларды чапчыган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушу өз мөөнөтүнөн кечигип жатканы кабарланган. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 1-2-фазасын куруш үчүн Кытайдан 400 млн. доллар алуу боюнча 2014-жылы келишим түзүлгөн. 3-фазасын куруш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жана Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан 32 млн. доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.