Транспорт министрлигинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду

850

Транспорт жана жолдор министрлигинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Башкы көзөмөл органы менен Улуттук коопсуздук комитети биргелешип иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында министрликтин кызматкерлери мамлекетке 17 миллион сомго жакын зыян келтиришкени аныкталган.

Министрликте 2015-жылдын май айында Евразия экономикалык биримдигине кирүү жараяны учурундагы электрондук жабдууларды сатып алууда мыйзам бузуу болгону аныкталган. Тиешелүү документте алынган товарлардын баасы рынок наркынан бир кыйла жогору көрсөтүлгөн.

Учурда бул факты боюнча «кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу» жана «Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына дал келбеген келишим түзүү» беренелери боюнча кылмы иши козголду.