Транспорт министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

625

Аэропортко кеткен жолду жарыктандырууда бюджетке 6 миллион сом зыян келтирилген. Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан Транспорт министрлигинин кызматкерлерине карата үч берене боюнча кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жол чарбасы департаментинин жооптуу кызматкерлери шарттары туура келбеген компания менен 75 миллион сомдук келишим түзгөнү аныкталган. Бирок макулдашылган долбоор аткарылбаса дагы, жумуш жасалды деп кабыл алынып койгон.

Андан соң, ал компаниянын эсебине келишимде башка сумма көрсөтүлүп турганына карабай, 85 миллион сомго жакын каражат негизсиз которулган. Ошондой эле, узундугу 2,7 чакырым участокто жолдун эки тарабы тең жарыктандырылбай, ортосуна гана лампалар орнотулган.

Мындан тышкары, кабель өткөрүүгө кол менен арык казылышы керек деп кошумча келишим түзүшкөн. Бирок бул жумуштар механизацияланган ыкма менен аткарылганы аныкталган. Мындай иштерден улам, бюджетке миллиондогон сом зыян келтирилген.