Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлерине иш козголду

1062

Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көзөмөл агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын кызмат адамдарына карата «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «кызматтык жасалмалуулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура билдиргендей, Транспорт прокуратурасы мекеменин ишин текшерип чыккан. Агенттиктин Ош аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары “Эркечтам” транспорт көзөмөл жайынын башчысы жана башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, былтыркы жыл аралыгында эле 651 жүк ташууучу автоунаага бир жолку атайын уруксат кагазын берип, мыйзам бузган.

Күнүмдүк керектелүүчү товар ташыган унаалардын салмагы белгиленген мерчемден ашып кетип турганы аныкталды. Прокуратурадан билдиришкендей, андай уруксат кагаздары атайын категориядагы жүк ташыган машинелерге гана берилиши керек болчу.