Транспортко электрондук билеттерди кабыл алган жабдуулар орнотулууда

5735

Ордо калаанын коомдук транспортуна электрондук билеттерди кабыл алган жабдуулар орнотулууда. Мэриянын маалыматына ылайык, адистер автобустар менен троллейбустар 140ка жакын валидатор менен камсыз болду. Дагы 240 жабдуу жакынкы арада муниципалдык транспорт ишканаларына жеткирилет.

Электрондук билеттер почта бөлүмдөрүндө, уюлдук операторлордун кеңселеринде жана дүкөндөрдө сатыла баштайт. Ал эми окуучуларга өздөрү окуган мектептерде берилет. Аларга электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сомго айланса, чоңдор үчүн 495 сом. Картанын өзү болсо 50 сом турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.