Транспорттук инспекция айдоочуларга түйшүк жаратабы? (видео)

1026

Айдоочуларга ашыкча түйшүк жаратып жаткан транспорттук инспекцияны жоюу керек. Анын үстүнө бул орган башка мамлекеттик мекемелердин ишин кайталап жатат, дейт депутаттар. Парламентте «ар кандай маселелер» бөлүгүндө эл өкүлдөрүнүн көбү маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш ташташына байланыштуу суроону көтөрүштү. Айрым депутаттардын айтымында, жеке фирмаларга көз каранды болбош үчүн калаа бийлиги автобус-троллейбустарды сатып алып, шаарды кичи автобустардан биротоло арылтышы керек. Мындан тышкары, бүгүн парламентте эки күн мурда Баткенде чек арадагы болгон жаңжал тууралуу да сөз козголду. Бирок бул маселени бир гана депутат айтып чыкты.