Троллейбус менен унаанын кагылышы тасмага түшүп калган (видео)

655

Бишкекте троллейбус менен жеңил автоунаа кагылышып, бир адам каза тапты. Окуя Юнусалиев менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. №17 каттамдагы троллейбус түндүк тарапты көздөй баратканда, жеңил автоунаа каршы тилкеге чыгып, кагылышуу болгон.

Анын айдоочусу ошол жерде набыт болду. Ал эми коомдук транспортту башкарып бараткан адам ооруканага жеткирилген.