Троллейбуста жүргүнчүлөргө бычак менен кол салган жаран (видео)

3710

Бишкекте троллейбустун ичиндеги жаран жүргүнчүлөргө бычак менен кол салды. Окуя №2 каттамдагы коомдук транспорттун ичинде болгон. Троллейбусту башкарып бара жаткан айдоочу аял Патрулдук милицияны чакырганга үлгүргөн.

Тартип сакчылардын колуна түшкөн жаран Биринчи май райондук милициясына жеткирилди. Күбөлөрдүн айтымында, бычак менен кол салуудан бир кыз жабыркаган.