Тубаса айыккыс ооруга кабылган 4 жашар Хадиже (видео)

773

4 жаштагы Хадижа айыккыс илдетке кабылган. Анын клеткаларынын азыктануусу бузулгандыктан, булчуңдары жана сөөктөрү кичирее баштаган. Анын айынан наристенин иммунитети начарлап, башка илдеттерди да жугузуп алуу коркунучу күчөгөн.

Өпкө оорусу өрчүп отуруп, пневмонияга айланган. Дарыгерлердин айтымында, Хадижа таза аба менен дем алуусу керек. Андыктан анын өмүрүн сактап калуу үчүн ата-энеси тоого жакыныраак жерден, кенеңирээк турак-жай сатып алууну көздөйт.