Туйгунаалы Абдраимов: «Журналисттен кечирим сурабайм» (видео)

999

Ороктогу окуя менен таанышууга барган өкмөттүн Чүй областы боюнча өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке жасаган орой мамилеси массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Журналисттер областтык администрациянын алдына чогулушуп, аткаминердин кечирим сурашын жана отставкага кетишин талап кылышты.

Бирок бир чоң областты жетектеп жаткан Абдраимов кабагым-кашым деген жок. Ал кемсинткен сөздөрүн артка кайтарып алууну ойлонбоптур дагы. Туйгунаалы Абдраимов тескерисинче журналисттерди күнөөлөп, аппаратынын кызматкерлеринин жардамы менен качып кутулду.