Туйгунаалы Абдраимовдун кызмат ордуна Алтынбек Намазалиев дайындылды

619

Алтынбек Намазалиев өкмөттүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ал буга чейин прокуратура тармагында жана Аламүдүн районунун акими болуп иштеп келген.

Ал эми Чүй областынын мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовду премьер-министр кызматтан бошоткон. Тиешелүү буйрукта Абраимовдун кызматтан алуу себептери көрсөтүлгөн эмес. Бирок 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган.

Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган. Алар орой мамилеге жол берген аткаминердин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Окуядан кийин Туйгуналы Абдраимов сайттардын бирине интервью берип жатып, отставкага кетпей турганын жана журналисттен кечирим сурабай турганын айткан болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.