Түкүргөндөр үчүн айып пул азаят (видео)

505

Көчөдө түкүргөндөргө салына турган айыптын өлчөмү азайтылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, штрафты 1000 сом кылып бекитүү боюнча сунуш парламентке киргизилди.

Жаңы кодекстерге байланыштуу нааразычылыктардан улам өкмөт мүчөлөрү маалымат жыйын курду. Коомчулуктун пикиринен кийин айрым кодекстерге кайрадан өзгөртүү киргизилип, учурда кээ бир жоруктарга штрафтарды азайтуу каралууда. Ал эми жол эрежесин бузгандарга дагы көбөйүшү мүмкүн.