Түлеевден алынган 8 батирди саткан адам изделүүдө (видео)

716

Бишкек мэриясына таандык 8 батирди сыртынан сатып жиберип, издөөгө алынган муниципалитеттин мурдагы кызматкери жалпысынан 305 миң долларды кымырып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Учурда шектүүгө карата 4 адамдан арыз түшүп, алардын ар бири мэриянын мурдагы кызматкерине 20 миң доллардан 80 миң долларга чейин каражат беришкенин билдиришкен. Шектүү үйлөрдүн ачкычтарын документтерди бүтүргөндөн кийин берүүнү убада кылып, бирок из жашырып кеткен.