Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынады

809

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын кезектеги жолу континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноосуна байланыштуу кескин билдирүү жасады. «Биз бул жагдай менен жакшылап алектенебиз» деген президент кандай чаралар көрүлөрү тууралуу эч нерсе айткан жок. Түштүк Кореянын аскердик булактары Түндүк Корея кезектеги ракеталык сыноосун өткөргөнүн кабарлашты.

АКШнын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын аймагынан ракеталык учуу катталганын билдирди. Ракета бир миң чакырымга жакын учуп барып, Жапон деңизине түшкөн. Башка булактар ракетанын учуусу 50 мүнөткө созулуп, деңизге дале түшө электигин кабарлашууда. Американын CNN телеканалы бул 2017-жылы Түндүк Корея учурган ракеталар жапон экономикалык аймагына түшкөн бешинчи учур экенин белгиледи.

Учурда АКШ менен Түштүк Кореянын аскерлери ракеталык сыноонун параметрлери тууралуу маалыматтарды анализдөөдө. Тынч океандын батыш бөлүгүндө жайгашкан Гуам аралынан алынган маалыматтарга караганда, Түндүк Корея тараптан учурулган ракета америкалык бул аймак үчүн «түздөн-түз коркунуч жараткан эмес».