Түндүк Корея Жапония менен АКШны кайрадан опузалоодо

1061

Түндүк Корея БУУнун Пхеньянга каршы санкциялык резолюциясын колдогону үчүн Жапонияны “деңизге чөгөрүп”, Кошмо Штаттарды “күлгө” айлантуу үчүн өзөктүк курал колдонорун айтып коркутту. Түндүк Кореянын тышкы байланыштары жана пропагандасы менен алектенген кореялык Азия-Тынч океан тынчтык комитети БУУнун Коопсуздук Кеңешин таркатууга чакырып, аны “балекеттин куралы” деп атады. Комитеттин билдирүүсүндө атомдук бомбанын натыйжасында төрт жапон аралы деңизге чөгүшү керектиги айтылат.

Түндүк Корея 3-сентябрда эң кубаттуу алтынчы өзөктүк сыносун өткөрүп, жапон аралдары аркылуу ракетасын учургандан кийин Түндүк Азияда чыңалуу күчөгөн. БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШ тарабынан даярлаган резолюцияны бир добуштан колдогон. Ага ылайык, Түндүк Кореянын четке текстиль экспорттоосуна толук бөгөт коюлуп, тыштан мунай импорттоосуна чектөө киргизилген.