Түндүк Кореянын парламентик делегациясы Сеулга келиши күтүлүүдө

577

Түндүк Кореянын парламентинин төрагасы Ким Он Нам баштаган делегация ушул жума күнү Сеулга келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Түштүк Кореянын расмий бийлиги маалымдаганын бир катар эл аралык басылмалар кабарлашты. Жогорку даражадагы делегациянын мүчөлөрү Сеулда 3 күн конок болушат. Бул акыркы 4 жылдан бери Түндүк Корея тараптан келе турган эң жогорку даражадагы расмий өкүлдөр.

Эске салсак, буга чейин Пхеньян 22 спортчусун 9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарына жиберген. Буга чейин Ким Чен Ындын сүйүүктүү делген «Моранбон» ансамблинин солисти да атайын делегация менен келип, Олимпиада оюндары өтө турган обьекттерди текшерип кеткен.

Ал арада бир топ эл аралык эксперттер мындай көрүнүштөр эки өлкө ортосундагы 2015-жылдан бери таптакыр сууп калган ымала кайрадан жанданып баштаганынан кабар бере турганын белгилешүүдө.