Түндүк Кореянын расмий делегациясы иш сапары менен Сеулга келди

928

Түндүк Кореянын расмий делегациясы акыркы 4 жылдан берки биринчи сапары менен Сеулга келди. Маалыматтарга караганда, Түндүк Кореянын делегациясын ырчы кыздардан турган «Моранбонг» деп аталган топтун жетекчиси Хён Сонг Вол баштап келген.

Алардын негизги максаты — кышкы Олимпиада оюндарына карата маданий иш-чараларды уюштуруу жана алар өтүүчү жерлерди текшерүү. Алгач, 20 кишиден турган делегация бир күн мурда келери айтылып, бирок акыркы мүнөттөрдө белгисиз себептерден улам жылдырылган.

Белгилей кетсек, 2 апта мурда расмий Сеул менен Пхеньяндын ортосунда келишимге кол коюлуп, анда Пхенчханда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Түндүк Кореялык спортчулар жана ырчылары барары айтылган.